Биз социалдык тармакта

Бишкекте быйыл дагы Нооруз майрамы белгиленген жок. "Ала-Тоо" аянтынын көрүнүшү (сүрөт)

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы. Бул майрам Кыргыз жергесинде байыртадан бери майрамдалып келет. Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында ар жыл сайын майрамдык иш-чаралар өтүп келген. Былтыркы жылдан тарта эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Нооруз майрамына арналган салтанат Бишкек шаарында өтпөй келет.

Эске салсак, буга чейин эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек мэриясы борбордо Нооруз майрамына арналган иш-чара өтпөйт деп жарыялаган.

Ал эми Ош шаарында Нооруз майрамына арналган иш-чара кадимкидей эле белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Yahoo
2021-03-21 18:46:26
ушул полщадды жанылай албай коюштуго.Бозоргон зданияны жанылп бишкек сити жасап коюшса болмок
0
mirlanpiter
2021-03-21 19:53:33
Ноорузду союз маалынан бери эле билебиз, байыртадан белгиленген эмес биздин ата бабалар, мусулман баласы үчүн майрам эмес нооруз
+1
bond02
2021-03-21 21:06:22
mirlanpiter,сен кечээ Чубак ажынын видеосун коруп алып эле жазып жатасын да туурабы? Ата энен майрамдап келген да ноорузду.
-3
Mirlan27011987
2021-03-22 01:11:45
mirlanpiter,
Ноорузду майрамдагыла. Бул кыргыз элинин ыйык майрамы
-4
Nuuman
2021-03-21 21:10:42
Мен мусулман катары Нооруз майрам катары кабыл албайм. Диний себептен. Ал эми башка динге каршы келбеген майрамдарды туура эле көрөм. Мисалы: калпак күнү, эгемендүүлүк күнү. Майрамдагандар майрамдай беришсин. Аларга сөзүм жок. Бактылуу болгула.
0
aiba.20201234567
2021-03-21 21:12:07
Орусча атканда скучно болду го бул жылы ..вирус ..
0
prorab
2021-03-22 06:31:26
Абдан жакшы, бара бара унутабыз нооруз пооруз дегенин, кыргызга жат, ирандардын майрамы бул.ансыз деле эч кимдин майрамдагысы жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан