
Бишкекте ойноп келем деп короого чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан бала аман-эсен табылды. Ленин РИИБинин кызматкерлери 6 жаштагы баланы ата-энесине өткөрүп, профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Маалым болгондой, 21-мартта саат 17:25 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургунунан билдирүү келип түшкөн. Анда 2014-жылы туулган баласы Жал-Артис кичи районундагы үйүнөн ойноп келүү үчүн сыртка чыкканын, кайра үйүнө келбей дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кечки саат 20:30 чамасында изделип жаткан бала Гагарин көчөсүнөн аман-эсен табылды. Белгилүү болгондой, ал ойноп жүрүп адашып кеткен", - дешти мекемеден.