Биз социалдык тармакта

Ташкенттен Ысык-Көлгө чейин. Кыргыз-Өзбек темир жолун куруу пландалууда

16-17-мартта Ташкентте «Кыргыз Темир Жолу» улуттук компаниясынын башкы директору менен Өзбекстандын темир жол башкармасынын төрагасы жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кытай-Өзбек темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу жана Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поездди калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент маршруту боюнча жүргүнчү ташуучу поездди ушул жылдын май айынан баштап беш айлык мөөнөткө дайындоо жөнүндө макулдашылды. Жыйынтыгында эки тарап протоколдорго кол коюшту", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TIMON_BERKOWITZ
2021-03-22 23:08:44
Озбек туугандар менен мамилени жылытканыбыз жакшы, коп нерселерди уйронууго болот.
+1
algakaray
2021-03-22 23:19:47
Тетиги суроттогу орусту коррупцияга белчесинен малынганын Али азаттыктан фактысы менен айтып чыкты эле го жакында. Ушундай жегичтер жоголмойун онолбойбуз эч качан
+2
bond02
2021-03-22 23:41:55
Ушундайда токтотпосок кийин окунуп калабыз.
+1
Nur777
2021-03-23 00:23:06
Тиги Темир жолдун начальниги Дашков коррупцияга шектелип жатпады беле?! Сыймык Жапыкеев бетин ачпадыбы беле темир сатты деп,неге ал ордунда отурат?!!!! ЭМНЕГЕ?!!!!
+2
nazira...
2021-03-23 07:52:03
Көлүбүзгө эшиктин баарын ача.берип, эдинственный бир көлүбүз болсо аны булгап албайлы. Үстүдөн казактар, ылдыйдан өзбөктөр, бул жактан кытайлар, эми бир жолу тажиктерге да ачып коелу туризм деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан