Биз социалдык тармакта

Узакка созулган оорудан журналист, УКМКнын басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Чинара Асанова каза болду

Узакка созулган оорудан журналист Чинара Асанова каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармакка жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, журналист Улуттук хирургия борборунда дарыланып жаткан.

Чинара Асанова Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Ал 20 жылдан ашуун журналистика тармагында иштеп, анын ичинде УКМКнын басма сөз кызматын жетектеген. Андан кийин президенттик аппаратта иштеген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Чинара Асанованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан