Биз социалдык тармакта

Энергетика министри күйүүчү майдын баасын туруктуу кармап туруу үчүн 2 кадамды айтып берди

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев өлкөдө күйүүчү майдын баасын туруктуу кармоо үчүн 2 кадамды айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Кыргыз мамлекетинде күйүүчү майдын жылдык керектөөсү 1 миллион 300 миң тоннаны түзөт. “Кыргыз мунай газ” ишканасынын мунай өндүрүү мүмкүнчүлүгү азыркы учурда 240 миң тонна. 90 миң тоннасы экспортко чыгып жаткан. Биринчи кадам менен азыр чек араларды жаап, бүт баарын ички рынокко жумшап жатабыз. Экинчиден, “Кыргыз мунай газга” өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүп, 280 миң тоннага чыгаруу талабын койдук”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MEDER_KULETOV
2021-03-24 21:30:37
Окмот бензиндин баасын атайлап которуп жатат анткени бюджетти толтуруш керек 1 литрге 15 сомдон кошуп коншу Казахстанда 1 литри 30 сом эле экен бензин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан