Блогер Элмир Сыдыманов толук акталды. Бул тууралуу 24-мартта Сыдыманов SUPER.KG порталына билдирди.
Блогердин айтымында, ал толук түрдө акталып чыккан.
Буга чейин Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тарткан.
Окуянын чоо-жайы:
Инстаграмда Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргыз өлкөсүнүн айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу талкууга алынган.
Элдин нааразычылыгын жараткан блогер кийин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча айып коюлган.
28-февралда ал үй камагына чыгарылган.
8-июндагы отурумда судья блогердин сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүш керектигин айтып, соттук териштирүү анын жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.
Буга чейин Сыдымандын соту 12-ноябрга белгиленип, ал Садыр Жапаровдон жардам сураган.
Эске салсак, 2020-жылы 16-мартта Элмир Сыдымановго карата козголгон кылмыш иши Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн.