Биз социалдык тармакта

Новопокровкада үй өрттөнүп, 61 жаштагы киши каза болду

Чүй облусунун Новопокровка айылында турак үйдөн чыккан өрттөн бир эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн.

"Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болду. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан