Биз социалдык тармакта

Депутат Осмонова: "Импортко карата көз карандылыкты азайтып, май чыгарган заводду өкмөт колдоого алышы керек"

"Импортко карата көз карандылыкты азайтып, май чыгарган заводду өкмөт колдоого алышы керек", - деп бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Осмонова билдирди.

"Бүгүнкү күнү пандемиянын кесепетинен келип чыккан азык-түлүк кымбаттап, андан тышкары азык-түлүктүн тартыштыгы дагы орун алды. Биздин өлкөдө суу май чыгаруучу завод бар. Майлардын баасы кымбаттап жатат. Завод иштесе май арзан болот эле. Мамлекеттеги өндүрүшчүлөрдү колдошубуз керек. Импортко кызыгып отурсак болбойт. Ушундай чоң заводдорду каржылоо керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-03-25 12:47:54
Кызыгыбыз кызык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан