Биз социалдык тармакта

Сокулук аймактык ооруканасына таандык дарыкана мамлекеттин менчигине кайтарылып берилди

Чүй облусунун прокуратурасы Сокулук аймактык ооруканасына таандык дарыкананын имаратын мамлекеттин менчигине кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2017-жылы Сокулук райондук прокуратурасы Кыймылсыз мүлктү башкаруу комитетинин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгынын 2009-жылдын 12-июнундагы "Сокулук аймактык ооруканасынын колдонулбай жаткан дарыканасынын имаратын кийинчерээк 220 миң сомго сатып алуу жолу менен ижара берүү" жөнүндөгү буйругун жараксыз деп табуу боюнча Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыз келтирген.
Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан прокуратуранын доо талаптары канаттандырылган. Өз кезегинде Жогорку Соттун 2018-жылдын 12-ноябрындагы токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар күчүндө калтырылган.
Мындан сырткары, Чүй облустук сотунун 2021-жылдын 10-мартындагы аныктамасы менен райондук прокуратуранын соода-сатык келишимдерин жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы толугу менен канааттандырылды",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан