Депутат Тазабек Икрамов коронавирус илдетине каршы эмдөө тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Коронавирус илдетине каршы эмдөө тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Кайсы жактан келип жатат, текшерилгенби? Эртең бардыгын кыйнап башташат. Ошондуктан эмдөөнү премьер-министр, министр, депутаттардан баштайлы", - деди ал.
Буга чейин Кытайдан Кыргыз мамлекетине акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келген. Калкты эмдөө ушул апта ичинде башталары маалымдалган болчу.