Биз социалдык тармакта

"Тарыхта кандай жазылган болсо, эстеликти ошондой формада жасаганга аракет кылдым" деди скульптор Тамила Маматова

Бүгүн, 25-мартта борбор калаада байыркы кыргыз жазуулары эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү.

Аземге кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү Саламат Садыкова, Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыков белгилүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Жылдызкан Жолдошева, Каныбек Иманалиев жана башка коноктор катышууда.

Иш-чарада скульптор Тамила Маматова аталган эстеликтин үстүндө ноябрь айынан бери иштеп келе жатканын айтып өттү.

"Бул ишти ноябрь айында баштагам. Эстеликти байыркы тарых менен азыркы заманбап технологияны байланыштырганга аракет кылдым. Бул эстеликте бир адамдын тарыхы төрөлгөнүнөн баштап, кандай жашаганы жазылган. Эстеликте 46 алфавит чагылдырылды. Тарыхта кандай жазылган болсо, ошондой формада жасаганга аракет кылдым", - деди скульптор Тамила Маматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mirlan27011987
2021-03-25 14:10:37
Биздин өткөн тарыхыбызга диний идеялогия таңууланды. Акыркы күндөрү биз бул ооруну жеңе баштадык. Түшүнүк келди: тамырыбыздан бөлүнүп кетүүгө болбойт. Бизде сыймыктана турган көп нерсе бар экен. Биздин эл улуу мамлекетти куруп, коргогон. Бул убакыт аралыгында көптөгөн элдер жок болуп, согуштарга туруштук бере алышкан жок, көп мамлекеттер дүйнөнүн саясий картасынан жок болушту. Ал эми биздин ата-бабаларыбыз эң катаал согушта өлкөнү коргошкон.
-5
Taalaibek.
2021-03-25 14:42:04
Бул эмне болгон эстелик? Тушунуксуз го, коробканы которуп жерге чогуп бара жаткан кишинин эстелигине окшош экен.
-7
Mirlan27011987
2021-03-25 15:06:28
Taalaibek.,
Тарыхты окуп кой, ошондо тушуносун. Билимсиздерге бул жон эле коробка. Өлкөңдүн, шаарыңдын, элиңдин жана адамзаттын өткөнүн билүү - андан өткөн маанилүү нерсе жок. Өзүнөн мурункуларын, анын ичинде алыста жүргөндөрдү билүү, алар алдына кандай максаттарды койгонун, кандай баалуулуктарды тутунгандыгын билүү маанилуу.
0
Taalaibek.
2021-03-25 19:53:08
Mirlan27011987,Сен билимдуусунбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан