Орусияга болгон авиабилеттердин баасы эмне себептен жогорулаган? "Манас" аэропорту түшүндүрмө берди
Орусияга болгон авиабилеттердин баасынын жогорулашы боюнча “Манас” эл аралык аэропортуна бир нече ирет арыз, суроо-талаптар, кайрылуулар келип түшкөн. Буга байланыштуу аэропорттон жарандарга төмөндөгүлөрдү билдиришти.
"Манас" эл аралык аэропорту авиабилеттерди сатуу менен алектенбейт жана алардын бааларын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Баа саясатын белгиленген ички эрежелерге ылайык, билеттерди саткан авиакомпаниялар аныкташат".
Орусиянын жана Казакстандын шаарларына болгон каттамдарга гана авиабилеттердин баасы жогорулады. Төмөндөгү авиакомпаниялардын билеттеринин баасы көтөрүлдү: "Аэрофлот", "Урал аба жолдору", "Сибирь", "Эйр Астана" жана башкалар.
"Орусиянын шаарларына болгон авиабилеттердин баасынын көтөрүлүшүнө COVID-19 пандемиясына байланыштуу туруктуу авиакаттамдардын кыскаруусу жана чартердик каттамдар үчүн жаңы учуу эрежелеринин пайда болуусу себеп болду.
Буга чейин Бишкек-Москва багыты боюнча туруктуу 3 каттам орусиялык авиакомпаниялар (“Аэрофлот” жана “Урал аба жолдору”), 1 ата мекендик “AviaTraffic” авиакомпаниясы аркылуу күн сайын 4-6 ирет аткарылып турган".
Дүйнөлүк пандемияга байланыштуу туруктуу каттамдардын саны аптасына 7ге чейин кыскарган. Ошол эле учурда чартердик каттамдар күн сайын уча баштаган. Туруктуу каттамдардын санынын азайгандыгына байланыштуу Орусиянын шаарларына авиабилеттердин тартыштыгы байкалып, авиакомпаниялар тараптан белгиленген авиабилеттердин баасы өсө баштаган.
"Баалардын көтөрүлүшүнүн экинчи себеби - чартердик жана туруктуу каттамдардын учуу эрежелеринин өзгөрүшү.
Чартердик каттамдар менен учууда ПЦР тесттен тышкары Орусиянын аймагына кирүүнүн “негизин” далилдөө зарыл болгон. Тактап айтканда, жарандын ошол аймакта жакын тууганы бар экендигин аныктаган маалымдама же квалификациялоо жөнүндө маалымдама же медициналык көрсөткүчтөрү же чакыруулары бар жарандар уча алмак. Ал эми туруктуу каттамдар менен учууда ПЦР тести таза чыккан маалымдамасынан тышкары башка талаптар коюлган эмес".
Буга чейин чартердик каттамдарга салыштырмалуу туруктуу каттамдарга болгон авиабилеттердин саны бир кыйла төмөн болгондугун баса белгилеп кетүү зарыл.
"Бүгүнкү күндө авибилеттердин баасын көтөргөн авиакомпаниялар учурунда каржылык жоготууларга учурагандан кийин кырдаалдан чыгуунун аракетин кылып жатышат деп болжолдонууда. Жыйынтыгында түзүлгөн тартыштык авиабилеттердин колдон-колго өтүп кайра сатылышы жана аларды саткан авиакомпаниялардын кызыкчылыктары авиабилеттердин баасынын өсүшүнө алып келген".
Кырдаалга байланыштуу "Манас" аэропорту бийликтин көңүлүн учурдагы көйгөйгө буруп, Кыргыз өлкөсүн COVID-19 колдонмосуна (ПЦР тесттен өтүп, жыйынтыгын мобилдик тиркемеге жүктөп коюу керек. Чек арадан өтүп жатканда QR кодун тиркеме аркылуу көрсөтүү жетиштүү) кошуу демилгесин көтөрүп чыккан.
Бул долбоор азыр Орусия, Беларусь жана Армения жарандары үчүн жеткиликтүү мобилдик тиркеме. Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү дагы долбоордун катышуучуларынын тизмесинде. Учурда кыргыз тарап бул тиркеме аркылуу саякаттоо себебин алып салуу үчүн Орусиядан уруксат күтүп жатат.
Эгерде аталган долбоор Орусия тараптан жактырылса өлкөдөн учуп кетүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, каттамдардын санын көбөйтүү жана билеттердин бааларынын турукташтыруу күтүлүүдө. "Манас" аэропорту өз кезегинде жүргүнчүлөрдүн учуу коопсуздугун камсыздап, жогорку деңгээлде авиациялык кызматтарды көрсөтүүгө бардык күчүн жумшай бермекчи.
Башты айлантышты го таза, көтөрүп жаткандарга суроо салгылачы, надзорный орган барбы өзү.
+5
aksy.1989
2021-03-26 10:14:57
Анда эмнеге Манас аба майданында основания корсоттук кайра коргон силердин кызматкерлеринер москвага барганда корсотпогуло сураныч ачыгын айткыла дейт? Основаниясы жоктор уча албал калыштыго
+6
Kadyrova_
2021-03-26 10:26:51
Менин ойумчаар ар бир районго мамлекеттик авиабилет сатуучу касса ачып ошол кассаларды катту коньтроль кылыш керек азыркы майда чүйдө билет саткан часный компанялардын баарын жок кылыш керек ушулар өз каалаган бааны койуп элди кыйнап жатышат.бул менин жеке ойум.
+3
almanbetperm
2021-03-26 14:58:04
Kadyrova_,мамлекеттик авиа касса дейсин, мамлекеттин самолеттору каттаса мейли эле, бааны жөнгө салгыдай
0
Kadyrova_
2021-03-26 16:42:38
almanbetperm,Түшүнүп жатам мамлекеттин жеке самалёту жоктугун бирок ичип жеп жок кылбай өздөрү ошол компанялар сатып алган самалётторду сатып алып өздөрү учурса болмокда.дагы эле ичип жеп жаткан тойбос чиновниктерге келип такалат.
0
Nina.alex
2021-03-26 11:14:47
Сволучтар элди кыйнаган
+2
bond0202
2021-03-26 13:23:07
Ущул нерсени чече албаган бийликтин эмне кереги бар.
+2
almanbetperm
2021-03-26 14:58:56
bond0202,бийлигиңдин күчү жетпейт, бийликтин авиа компаниясы эмес
-2
Asmat84
2021-03-26 13:52:27
Пандемия маалындагы расходдорду жаап атат дейби?
Пандемия маалында бүт дүйнө жүзүндө карапайым калк да жапа чектик го.
Анда бүт баардык нерсени көтөрүш керек
Маршруткалар да бааны көтөргүлө пандемия маалында иштеген жокпуз деп
Кафе ресторандарда көтөргүлө пандемия маалында иштеген жокпуз деп
Офисте иштегендер да көтөргүлө пандемия маалында иштеген жокпуз деп
Кино концерттер да көтөргүлө пандемия маалында иштеген жокпуз деп
Кыскасы ким пандемия маалында
+3
KaGaH
2021-03-26 14:02:30
А эмнеге москвадан бишкеке арзан анда?
+1
Sajakat14
2021-03-27 08:56:59
KaGaH,бул Россиянын политика ы болуш керек. Эрки жок биздикилер кожоюну эмне десе ошону кылышат.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.