Биз социалдык тармакта

Гезиттердин бирине берген маеги үчүн Бишкек шаардык кеңешке талапкерлигин коюп жаткан ырчы Анжеликага эскертүү берилди

Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп жаткан ырчы Анжеликага эскертүү берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, ырчы Анжелика 1-март күнү үгүт иштери баштала электе "Де-Факто" гезитине интервью берген, анда шайлоо тууралуу дагы кеп болгон. Ал эми аталган маек 12-март күнү чыккан.

"Биз ырчы Анжелика шайлоого аттанып жаткан партиянын өкүлү менен жолугуп, бул тууралуу талкууладык, натыйжада ырчыга карата кагаз түрүндө эскертүү берилди. Аталган гезит менен дагы иш алып баруудабыз, алар өздөрү дагы тастыктады", - деп билдирди Маматов.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 23-бөлүмүнө ылайык, "Шайлоо алдындагы үгүт иштери бардык талапкерлердин тизмеси толук катталгандан тартып башталат".

Эске салсак, буга чейин ырчы Анжелика үгүт иштери башталганга чейин өзүнүн Инстаграм баракчасында түз эфир кылып, катталуучулар арасында батир утушка коюп, ойноткону шайлоочуларды сатып алуу катары бааланган болчу.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан бул маалыматты текшерүү үчүн атайын топ түзүлүп, бирок жыйынтыгы дагы деле чыга электигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-03-26 12:42:49
Бул кыз 100 пайыз ишенем депутат болот
Себеби депутаттар ушундай элди тажатмалар болушат бул закон ченемдүүлүк
+7
JaneEr
2021-03-26 12:52:28
Asmat84,ооба,депутат тааныштары,крышасы да кучтуу
+6
KaGaH
2021-03-26 16:09:10
JaneEr,крышасы Көлбаев жб ойноштору
+4
munarbek.92
2021-03-26 13:46:26
кылбагыны ушул калды эле санта барбара кайра эле экрандарда жана жаны окуялардын башталуусу
+4
Baktiyar731
2021-03-26 19:58:23
Бир эр менен жашай албагандар эл башкарам десе, тообо...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан