Биз социалдык тармакта

Активист Тилекмат Куреновдун бошотулушун талап кылган интернет колдонуучу анын Садыр Жапаровдун уулуна донор болгонун жазып чыкты

"Камакка алынган жарандык активист Тилекмат Куренов президент Садыр Жапаровдун баласы Дастанга донор болгон, ал кан берген" деген билдирүүнү Маратбек Мирланбек уулу аттуу интернет колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда ал төмөндөгүдөй пикир калтырып жанына маалымкаттын сүрөтүн тиркеген.

"Тилекматтын атасы Кудайберген байке Садыр Жапаров үчүн 40 күн түрмөгө отуруп чыккан. Баласы Тилекмат Куренов Садыр Жапаровдун баласы Дастан үчүн канын да берген жана колдоп жүргөн. Эми кандай болуп калды? Тилекматка боштондук".

Учурда Куренов камакта жана Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айыпталууда. Белгилүү болгондой, ал жаңы Конституцияны кабыл алууга каршы болуп, нааразычылык акциясын уюштуруучулардын катарында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Federik
2021-03-26 14:10:42
Донор болгонмун деп эле оз билемдигин кылбаш керек,мыйзам баарына бирдей.
+3
aslan_akjol89
2021-03-27 02:00:14
Ошондо Садыр Жапаровдун жеке жашоосуна жардамы тийгендер мыйзам буза берсе боло береби?Кооп башты оорутпагылачы чектен ашкандар.
0
aslan_akjol89
2021-03-27 02:01:04
Кечээ октябрда ушундайда жардамын кайра алабыз деген ойдо ач айкырык мн журдунор беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан