Бүгүн, 26-мартта өкмөт үйүнүн алдында Өзбекстандан гуманитардык жардам катары келген "Тез жардам" унааларын тапшыруу аземи өтүп жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө унааларды саламаттыкты сактоо министринин статс-катчысы Калысбек Шадыканов тапшырды. Анда Фольксваген Кэдди Карго жана ISUZU D-Max 4x2 үлгүсүндөгү 20 даана "Тез жардам" унаасы аймактарга берилди.
Эске салсак, бул жардамды президент Садыр Жапаров Өзбекстанга жасаган мамлекеттик иш сапары учурунда өзбек тарап көрсөткөн.