Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал туруктуулук сакталса, мектептер 1-апрелден баштап ачылат. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева онлайн-брифинг учурунда билдирди.
"Учурда кээ бир мекемелер санитардык эрежелерди сактабай жатат. Кафелерде адамдардын көп топтолуп жатканын көрүп жатабыз. Биз бири-бирибизди сакташыбыз керек. Ал эми мектептер боюнча айтсак, эгер Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон сакталса, атап айтканда илдетти жуктуруп алгандардын саны көбөйбөсө, анда 1-апрелден баштап мектептерди ачылат", - деди вице-мэр Айжан Чыныбаева.
Эске салсак, буга чейин өлкө боюнча мектеп окуучулары жазгы каникулга чыкканы маалымдалган.