Биз социалдык тармакта

Баарыбыз "шаардык" болуп баратабыз. Улукбек Марипов Нарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жалкоо болбоого үндөдү

Премьер-министр Улукбек Марипов Жумгал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн "шаардыктарга" окшоп, жалкоо болбоого чакырды.

"Ачыгын айтканда, биз жалкоо болуп баратабыз. Даяр нерсенин баарына көнүп алдык. Эч ким нан бышырбайт, бардыгы сырттан сатып ала башташты. Баарыбыз "шаардык" болуп баратабыз. Мен дагы уй саап, кой кайтарып айылда чоңойдум. Ошондуктан элде, айып жетекчилерде айып жок. Биз бардыгын уюштурушубуз керек, калкты мобилизациялашыбыз керек", - деген өз сөзүндө Марипов.

Ошондой эле премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн башка аймактарга чыгып, жумуштар кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышып келүүсү керек экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2021-03-26 18:50:54
Туура эле айткан. Чычалап сындап чыкпагыла
+4
Mylatka..
2021-03-26 19:22:33
Туура сүйлөп жатат ушунча жыл эч кимибиз иштебедик өзүбүздү иштеген адамкатары көрсөтүп ,""бирок белчебизден жеп келдик""иштей турган жана ушу кезге ейин жегендерибизди төлөй турган кез келди.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан