Учурда өлкөдө негизги маселелердин бири азык-түлүктүн баасынын күн санап кымбаттап жатканы болууда. Баалар асман чапчып барат. Алыда элдин жашоосун эмнелер күтөт? Каатчылыкты кантип жеңүү керек? Бул жаатта адистердин пикирин, сунуштарын сурап көрдүк, ошондой эле алармандардан сурамжылоо да жүргүздүк.
"Ош базарында" соода-сатык жүргүзгөндөр "Балдарыбыздын оозун тыялыбы? Эт жебей калдык, ичеги жеп жашап калдык" дешсе, сатуучулар "Бизге күн сайын кымбат келип жатат, кардарлар азайып, бизге да кыйын болду" дешет.
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Сагындык Маматоморов "менин да 4 балам бар, айлыгым меники да жетпей жатат" деди.
Толугу менен видеодон көрө аласыздар.