Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен чек ара меселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Анын берген маалыматы боюнча, эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту. Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен тактоо жол-жобосунан өттү. Тараптар «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүүнү макулдашканы белгиленди.

Ошондой эле тараптар ушул жылдын 1-апрелинен тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын (20 орунга чейин) өтүүсү үчүн «Кайтпас», «Өтүкчү» өткөрүү пункттарын ачуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары Өзбекстан тарап аркылуу «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кенсай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Кийин даярдыгына жараша бул өткөрүү пункттары ачылат.

Ошол эле учурда бардык такталган тилкелер боюнча жеринде биргелешкен изилдөөлөр, ошондой эле эки тараптуу консультациялар жүргүзүлөт.

Андан соң аталган документти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жобосу өтөт, андан кийин мамлекеттер аралык келишимге кол коюлат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ратификациялоо жол-жобосунан өтүшү керек.

Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Камчыбек Ташиев ошону менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында талаштуу тилкелер болбойт деп жыйынтыктады.

Президент Садыр Жапаров бул кадам кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринде тарыхый мааниге ээ экенин жана буга чейин орун алып келген айрым чек ара чыр-чатактарына чекит коюла турганын канааттануу менен белгиледи.

Бул эки боордош элдердин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту, анын ичинде чек ара аймактарындагы эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосундагы мамилени чыңдай турганына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы эки элдин көптөн берки тилеги бүгүнкү күндө реалдуулукка айланып баратканын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бул багытта башка коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kuban-1207
2021-03-26 22:22:32
Мына экөө иштейт азаматтар
+3
Mirlan27011987
2021-03-26 23:10:31
Эгер сиз аксак адам менен дос болсоңуз, өзүңүз аксап баштайсыз. Бардыгыбыз өмүрүбүздө жок дегенде бир жолу алдамчылыкка жана чыккынчылыкка туш болдук. Көпчүлүк адамдар, өзүлөрүнүн ишенчээктигин жоготуп, айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга ишенбей калышат. Ар ким өзүнүн чыккынчысын өзү тарбиялайт. Мисалы Атамбаев Сокени озу тарбиялап чыккан.
-1
Azat-123
2021-03-27 08:28:21
Mirlan27011987,сага жакында Клавиатурный Герой наамы ыйгарылат
+5
nazira...
2021-03-27 10:00:36
Mirlan27011987,сага өзү ким жагат, рас эч ким жакпайбы, нааразысынбы чыгып кетчи кыргызстандан европана. Кыска кийип чачыны жайып жүрө бер ошол жакта. Бизде Сага окшогондон бир адамга болсо да азаят и норм.комментарий окуп калабыз.
+2
AdylbekB84
2021-03-27 01:35:17
Чечмедеги булак эмне болуптур ошол жөнүндө айтпай жатышатко, өзүбүзгө калыппы.
+2
Akyl78.1501
2021-03-27 05:37:58
Өзбекстан Кыргызстанга 8000 га жерин берди деп кечетен бери теледен радиодон айтып жатат. Бирок Кыргызстан Өзбекстанга канча миң гектар жерин бергенин эч айтышпай жатышат. Өзбек туугандарга алданып калган жокпузбу. Эми бул жагын тарых көрсөтөт
+5
Jalilov_Ch.
2021-03-27 13:50:24
Камчы менен Садыр Советабадды, Кампирабадды Озбекистанга карматып койду. Булар Мекен чыккынчысы.
-1
Tursunbaev1978
2021-03-27 14:14:50
Jalilov_Ch.,Кыргызстандын жерлерин раматылык Усубалиев аваң Өзбекстанга учурунда карматып салган,кийинки муунга проблема кылып
+3
aslan_akjol89
2021-03-27 19:08:17
Касансай калдыбы Озбекстанга?
0
Akyl78.1501
2021-03-28 08:55:33
Водохранилище Кампир абадты берип коюп коюптур. Ташиевке минус. Эми Өзбек туугандар ошо жерге Морфлот ачат Анакызылдыктар гүрүч өстүрө алышпайт эми. Каап Камчы брат ушу ишиңиз болбоптур. Ханабад шаарын Усубалиев 26 жылга договор менен берген экен Өзбекстанга эми биротоло өткөрүп беришти. Кампир Абад Водохранилище эң зор кооз жер эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан