Контейнерге башы тыгылып калган киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең мененки саат 8:30да ӨКМнын куткаруу кызматына чакыруу түшкөн. Бишкек шаарынын Термечиков көчөсүндө эркек киши контейнердин астына башы менен кыпчылып чыга албай калганы маалымдалган. Куткаруучулар аны куткарышкан.