Бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өттү.
Министрдин вакцина алып жаткандагы видеосу социалдык тармактарга тараган соң көпчүлүктүн талкуусуна калды. Анда министрге вакцина сайып жаткан медайымдын медициналык кол кабы жоктугу көпчүлүктө суроо жаратты.
Колдонуучулар медайым эреже сактабай, медициналык кол кабы жок иштеп жаткандыгын сынга алып, министрге ушундай мамиле болуп жатса, жөнөкөй жарандарга мындан да шалаакы мамиле болорун айтышкан.