Биз социалдык тармакта

"Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам". Жаш көчөткө кам көргөн жаран (видео)

Көп адамдар көзгө көрүнбөгөн бирок коомго пайдалуу иштерди жасашат. Айрым жарандарыбыз мен кайсы бир ишти кылдым деп деле төш кагышпайт.

Социалдык тармактарга тараган көңүл жылытарлык видео көпчүлүккө сабак боло алат. Анда Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде кетип бара жаткан жаран жаандан чогулуп калган сууну жол боюна тигилген жаш көчөткө буруп жатканын көрүүгө болот.

Видеону унаада отурган адам тартып алган. Белгисиз жаран сууну көчөткө буруп коюп өз жолун уланткан. Балким бул жарандын ордунда башка адам болгондо жаш көчөткө көңүл бурбайт эле.

"Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан