Биз социалдык тармакта

Муфтий шайлоону жылдыруу сунушталды

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайын жылдыруу сунушталды.

Бул тууралуу SUPER.KG порталы Аалымдар кеңешине байланышканда белгилүү болду. Мекеменин кызматкеринин маалыматында, муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулу 5-апрелге белгиленген курултайды жылдырууну бүгүн, 29-мартта сунуштап, Аалымдар кеңешинин төрагасына кат жолдогон.

Ал эми Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов бул жагдайга түшүнбөй калганын билдирди.

"Мусулмандардын VII Курултайы өтөрүнө бир апта калган. Уюштуруу иштери толук бүтүп калган болуш керек эле. Ушул аптада иргелген талапкерлерге сынак өтмөк. Бүгүн Тандоо комиссиясынын төрагасы Аалымдар кеңешине Курултайдын өтүшүн жылдырып туруу үчүн суранып кат жолдоптур. Негиз кылып ага коркутуулар жана документтери туура эмес болуп калган талапкерди сынакка кийирүү болуп жаткандыгын билдириптир.
Бул боюнча мурунку аптада эле ММК аркылуу билдиришкен экен. Эмнегедир бул маселе боюнча Күч структурасы, Дин комиссиясы чара колдонгон эмес. Суроо туулат, бийликке ушул керекпи? Эгерде бийликке муфтийликке койгон 8 талапкердин бири да жакпай калса, сөзсүз эле кайдыгерлик кылыш керек беле? Мусулмандардын Курултайы үзгүлтүккө учураса, кимдер жооп берет, укуктук жагы кандай болот?". Башка планетадан алып келип шайлап алышсын..." деген ниет ушундай болобу?", - дейт Сулайманов.
Кошумча маалыматка ылайык, сунуш колдоо таптыбы же жокпу азырынча белгисиз. Негизи курултай 5-апрелге белгиленген болчу.

Эгер сунушту Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү колдосо, муфтий шайлоо кийинкиге жылат.

Аталган комиссия 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоону аяктаган. Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берген.

1. Сайдамир Жээналиев;

2. Нурбек Токтогулов;

3. Султанали Гапуров;
4. Убайдулла Сарыбаев;
5. Шүкүр Исмаилов;
6. Шакир Маматов;
7. Нематилла Жээнбеков;
8. Ниязали Арипов.

Мындан тышкары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырганы да кабарланган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek11
2021-03-29 23:42:52
Ниязалы Арипов эн татыктуу деп ойлойм.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан