Биз социалдык тармакта

УКМК: "Жалил Атамбаев 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду"

Жалил Атамбаев 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мурда маалымдалгандай, Жалил Атамбаев Ички иштер министрлигинин кызматкери болгон убагында бир эле мезгилде ишкердүүлүк менен алектенип, 100 миллион сомго кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны өзүнүн жакын туугандарынын атына каттаганы тууралуу тергөөдө аныкталган.

Мурда тергөө менен кызматташууга даярдыгы жана кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү боюнча 2021-жылдын 29-мартында шектүү Жалил Атамбаев 50 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду.

Шектүү Жалил Атамбаев бүгүнкү күндө кылмыш ишинде 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берди.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аяктайт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2021-03-29 21:57:28
10 эле квартирасын сатса төлөп коюптур да, калганы өзүндө калды да
+2
tynar92kg
2021-03-29 22:28:19
Строительный компаниясынын налогторун ким текшерет...
+2
Rahat.
2021-03-29 23:01:12
Биз айылдыктар 300мин сомубуз болсо аябай суйунобуз жегичтер миллион деп эле калдынар го
0
bond0202
2021-03-30 06:57:07
Мин сом уурдап бир сом толоп кутулуптурда.азаматсын Ташиев
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан