Биз социалдык тармакта

Быйыл 2 айдын ичинде миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталганы айтылды

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында быйыл 2 айдын ичинде миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталганы айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев 2021-жылдын алгачкы эки айындагы маалыматтарга токтолуп: "Эки ай ичинде 1463 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 550, Ош шаары боюнча 62, Чүй облусу боюнча 446, Ысык-Көл облусу боюнча 92, Нарын облусу боюнча 64, Ош облусу боюнча 52, Жалал-Абад облусу боюнча 118, Талас облусу боюнча 29, Баткен облусу боюнча 50 факт", - деди.

Талкуу маалында депутат Чынара Урумкалиева үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жоюу багытында министрлик тарабынан кандай чаралар каралып жатканын сурады.

Базарбаев эл аралык уюмдардын жардамы менен үй-бүлөлүк зомбулукка себеп болчу жагдайларды, анын ичинен жумушсуздукту азайтуу жаатында тиешелүү программалар ишке ашырылып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан