Биз социалдык тармакта

Бишкекте жоокерлердин массалык кургак учук жуктуруусу. Ооруканада дагы 22 жоокер дарыланууда

Аскерде кызмат өтөп жатып кургак учук жуктуруп алган жоокерлердин саны 22ге жетти. Маалыматты Бишкек шаардык кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.

Анын айтымында, 21 жоокер борбор калаадагы кургак учукка каршы ооруканада дарыланууда. Ал эми 1 жоокер Улуттук фтизиатрия борборуна которулган.

"Бизге 21-январдан баштап түшкөндөрдүн саны 22 болду. Анын бири такыр башка аскер бөлүктөн", - деп билдирди ал.

Эске салсак, буга чейин январь айында Коргоо министрлигинин ыкчам кызматынын 7 жоокери кургак учук оорусун жуктуруп алышканы кабарланган. Кийин алардын саны өсүп отуруп 15ке жеткен.

Аскер прокуратурасы жоокерлердин кургак учук оорусуна кабылышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "шалаакылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2021-03-30 12:35:01
Армиядан айакпаган оору жуктуруш үчүн барышабы эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан