Биз социалдык тармакта

Тергөө кызматынын орун басары: "Чагымчыл жана туура эмес маалыматтарды берген жарандарга катуу чара көрүлөт"

Бүгүн, 30-мартта ИИМдин өкүлдөрү маалымат жыйын берди. Анда 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумдагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат беришти.

Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулунун айтымында, 5-апрелден тарта Ички иштер министрлиги шайлоочуларды сатып алууга жол бербөө үчүн мындан дагы күчөтүлгөн тартипте иштерди жүргүзөт.

"Ар кандай чагымчыл же ММКдагы туура эмес бурмаланган маалыматтарды берип жаткан жарандарга катуу чара көрүлөт.

ИИМдин кызматкерлеринен сырткары жергиликтүү бийликтер менен дагы тыгыз иш алып баруудабыз. Ошондой эле элдик кошуундар боюнча дагы суроо жаратышы мүмкүн. Мисалы, шайлоого аттанып жаткан партиялар ортосунда элдик кошуундардын кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген. Буга байланыштуу кошуундарды кийлигишпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө", - деп билдирди тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-03-30 13:06:36
Камаш керек чагымчылдарды
+4
portugalia
2021-03-30 13:34:14
Чара корулсун!Ошондо жалган маалыматтарды тараткандан коркушат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан