Биз социалдык тармакта

Жергиликтүү кеңешке шайлоо. Токмокто партиялардын биринин талапкерин сабап кетишти

Токмокто саясий партиялардын биринин талапкери сабалды. Бул тууралуу маалымат жыйында жоруктар боюнча ИИМ башкармалыгынын башчысы Сапар Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, 13-мартта партиялардын биринин талапкери милицияга арыз менен кайрылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Партиянын атын айтпай эле коёлу. Талапкер аял киши. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр толук маалымат айтылбайт. Бул боюнча тийиштүү экспертиза дайындалды", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан