"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы 200гө чукул темир кудуктун капкактарын жана темир торчолорду ордуна коюп чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, жыл башынан бери 188 темир торчолор ордуна коюлду. Тилекке каршы, кудуктардын капкактарын жана темир торчолордун көпчүлүгү көчөлөргө кайталанып коюлууда.
Акыркы жолу кудуктардын капкактары жана темир торчолор төмөнкү көчөлөргө коюлду:
"Урматтуу шаардыктар, суранабыз темир капкактарды уурдабаңыздар! Бул абдан коркунучтуу. Эгер капкактардын уурдалып бара жатканын көрсөңүздөр 102 номуруна кайрылыңыздар же "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын WhatsApp 0550 888162 номерине жазыңыздар", - деп жазылат маалыматта.