Биз социалдык тармакта

Булак чыры: "Ташиев маселени чечип, боткосун биздин Чечмеге калтырган экен" дейт жарандык активист

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чечме булакка байланыштуу чечимдин убактылуу экендигин жана бул маселени кайра карап чыга турганын бүгүн, 30-мартта Кадамжай районунун Бирлик айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айткан.

Бул тууралуу жергиликтүү тургун, жарандык активист Каныбек Парманов жолугушууда айтылган маалыматтар менен бөлүштү.

Айтымында, жергиликтүү эл Ташиевдин айткандарына канааттанган эмес жана чечим булакты чогуу колдонобуз деген боюнча эле калган.

"Эл ишенип көптөн күткөн Ташиев мырза да Чечмеге келип кетти. Маселенин баарын 100 пайызга чечип, боткосун Чечмеге калтырган экен. Биздин менчик булагыбызды, ата-бабаларыбыздан калган, тарых тастыктап турган, архивдик документтер далилдеп турган баа жеткис мурасыбызды кошуна өзбекстандыктар менен чогуу ортодо колдонобуз деп чечим кабыл алганын айтты.

Буга жергиликтүү эл толук бойдон каршы. Эгерде, бул чечимди жокко чыгарса, анда буга чейинки кабыл алынган башка чечимдер да (Ош, Жалал-Абад облустарындагы) жокко чыгат имиш. Бул булак чыры али токтобойт дегенден кабар берип турат. Жыйындын жүрүшүндө эл бул чечимге каршы экендигин бир ооздон айтты.

Элди жубатыш үчүн айттыбы же чындыкты айттыбы, айтор, Камчыбек Ташиев бул чечимдин убактылуу экендигин жана бул маселени кайра карап чыгам деп убада берди. Отуз жылдан бери үмүт үзбөй жашап келдик эле, эми Ташиев мырзанын убадаларына ишенип, Чечме булагыбыздын тосуп берүүсүн аз эле убакыт күтөбүз деп үмүттөнөбүз", - дейт Парманов.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзө турганы маалымдалган.

Бүгүн, 30-мартта саат 17:00дө Ташиевдин Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуусу болот.

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Agayu
2021-03-30 16:21:10
Бийликке мин кыйын активист келсе да : Баягы эле гөр. Себеби биз алсыз мамлекетпиз. Аны моюнга алыш керек .Армяндар деле уулу калкпыз : тарыхыбыз терен деп эмне болушту .? Так что элге күйүмүш болбой : өзүндүн кызыкчылыгынды токтот
+7
Arslan11
2021-03-30 18:30:08
Ташиевдин тили еле бар колунан еч нерсе келбейт булакты бербейбиз деп айткыла
-2
nazira...
2021-03-30 19:49:34
Билип билбей сүйлөй бербегиле күнөөгө батасынар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан