Биз социалдык тармакта

Маселелерди бирге чечүүнү макулдашышты. Элчи Гүлнара-Клара Самат Орусиядагы кыргыз дарыгерлери менен жолугушту

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Кыргыз өлкөсүнүн медицина кызматкерлеринин Москвадагы жана Москва облусундагы ассоциациясынын жетекчиси жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда Москвадагы кыргыз дарыгерлеринин ишмердүүлүгү, алардын жетишкендиктери жана Кыргыз жарандарынын медициналык кызмат көрсөтүүгө байланыштуу көйгөйлөрү жөнүндө пикир алмашуу болгонун элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.
"Гүлнара-Клара Самат кыргыз дарыгерлеринин Орусиядагы статусун, квалификациясын жана ыйгарым укуктарын жогорулатуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле алардын өз мекенинде COVID-19 менен күрөшүүдөгү өзгөчө ролун жана салымын белгиледи.
Орусиянын аймагында иштеген кыргыз дарыгерлеринин бирдиктүү маалымат базасын түзүүнү, элчилик менен тутумдаштырылган ишти жолго коюуну, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашышты. Ошондой эле кыргыздардын медициналык коомчулугунун кызыкчылыктарын илгерилетүүгө, Кыргыз жарандарынын ден соолугун сактоого багытталган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү макулдашышты", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dolon-3008
2021-03-31 11:23:03
Ушул москвага иштей турган адам койушса жакшы болот эле аттары эле сооонун а ишинен эч бир озгоруу жок
+3
gulya583
2021-03-31 12:49:02
Проспект Мирадагы Арзымат Алиевдин стоматологиясына барбай эле коюнуздар. Эптеп септеп акча алмай, пломбасы бир айга жетпей тушуп калат. Копчулугу нааразы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан