Бишкек шаарынын мэриясы калаанын социалдык-маданий объектилеринин курулушу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Жыйынга Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Марат Жороев, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыров, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Гүлмира Жумабекова, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Молдобасаров жана Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулушту башкаруу бөлүмүнүн башчысы Темир Мамашев катышууда.