Талас облусу боюнча район акимдердин жана алардын орун басарларынын аттестациясы жыйынтыкталды. Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришкендей, 30-мартта аттестациялоо жыйынтыкталды.
Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 11 талапкерден 2 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.
Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:
1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат:
6 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
4 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.
Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.
Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облуста өткөрүлөт.