Президент Садыр Жапаровдун жогорку аскердик наам берүү жөнүндө жарлыгына ылайык Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Тердикбаев Эрлис Жекшеновичке генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эрлис Тердикбаев Генералдык штабдын башчысы болуп 29-мартта дайындалган. Бул күнү Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болгон.