Биз социалдык тармакта

Орусияга уча турган жүргүнчүлөрдөн кандай документтер талап кылынат? Жарандык авиация агенттигинин жообу

Бүгүн, 31-мартта "Учууларды көбөйтүү жана авиабилеттердин баасын арзандатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө" маалымат жыйын болуп өттү.

Анда Жарандык авиация агенттигинин аэропортторду сертификациялоо жана жол кыймылын жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Карим Усманов Орусияга уча турган жүргүнчүлөрдөн кандай документтер талап кылынары туурасында төмөнкүлөрдү билдирди.

"Орусияга үзгүлтүксүз каттам менен учуу үчүн ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы жазылган документ зарыл. Ал эми чартердик каттам менен учуу үчүн Орусияга кетүүгө негиз жана ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы чыккан документ керектелет. Мындан башка документтер жүргүнчүлөрдөн талап кылынбайт", - деди Усманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gordyi_Volk
2021-03-31 19:07:18
Основания жок нерсе экен да ошондо
+2
nurbek11
2021-03-31 23:31:10
Gordyi_Volk, Орусияга кетүүгө негиз дегени ошол основание болсо керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан