Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу чек ара кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайдын Цинмин салттуу майрамынын майрамдалышына байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден 5-апрелге чейин убактылуу жабылат.
“Унаалардын жана товарлардын өтүүсүнө 6-апрелден баштап уруксат берилет”, - деди маалымат катчы.
Эскерте кетсек, “Торугарт” жана “Эркеч-Там” көзөмөл-өткөрүү бекеттери атайын алгоритм менен иштөөдө. Бекет аркылуу Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө бир гана товарлар өтүп жатат.