Биз социалдык тармакта

Алайда согуштун жалгыз ардагерине "Ардактуу атуул" наамы жана автоунаанын ачкычы тапшырылды

Алай районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Суранбай Алиевге "Ардактуу атуул" наамы жана автоунаанын ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Алай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, наамды жана автоунааны Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы Алтынбек Болбур уулу жана айыл өкмөт башчылары тапшырды.

"Бүгүнкү күндө Суранбай Алиев жашы 100дөн ашса да талаадан малдарын өзү айдап келип, үй жумуштары менен алектенип келет.

Учурда аксакалдын 8 уул-кызы, 37 небере, 71 чөбөрө жана 2 кыбырасы бар", - деп билдиришти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aslonur
2021-03-31 17:14:40
Джип бергилечи айланайындар, не эле ушул лададан бери боло албай калдыңар? Скорой помощь же нива же газель, служебный же уаз же нива
+4
Taalaibek.
2021-03-31 20:51:08
Джип алып бергендей окмоттун алы жетпейт да, андан коро 500 долларлык кычкач алганы жакшы го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан