Бүгүн, 15-октябрда Айт намазы Нарын шаарынын борбордук мечитинде окулду. Нарын облусунун казысы Мамбетисан Ибраев Меккеге зыяратчылар менен кошо кеткендигине байланыштуу Айт намазды анын орун басары Азат Оруналиев башкарды. Намаз окуганы 2000дей адам келди.