Орусияга учуп барган 4 кыргыз жараны аэропорттон артка кайтарылды

Ош шаарынан Орусиянын Иркутский облусуна 14-октябрь күнү "Авиа трафик" авиакомпаниясы аркылуу учуп барган 4 жүргүнчү артка кайтарылды. Оштон учарда билети бар 4 кишиге учактан орун жок болуп калып, алар башка каттам менен учуп барышкан. Учактан түшөрү менен аэропорттун чек арачылары аларды Орусияга киргизбей, депортациялап кайра Кыргызстанга жөнөтүшкөнүн орусиялык ММКлар жарыялшты. Бул окуя тууралуу аталган авиакомпаниянын директорунун орун басары Николай Кучеренко: "Биз Орусия менен белгилүү бир схемада иш алып барабыз. Сутка ичинде аэропорттун чек арачыларына бизден учуп бара жаткан жүргүнчүлөрдүн тизмесин жиберебиз. Алар Орусияга киргизилбей турган адамдардын тизмесин кайра бизге жиберишет. Биз андай жүргүнчүлөрдү учакка жайгаштырбайбыз. Бирок бул жолу бизге тизме келген жок. Жүргүнчүлөрдү Орусиядагы аэропорттон кайра Кыргызстанга кайтарышты",- деди. Мындай кырдаал жүргүнчү менен бирге авиакомпания үчүн да көйгөй жаратып жатканын белгилеп, башка мамлекеттердин чек арачылары 24 сааттын ичинде бардык жүргүнчүлөрдүн тизмесин толук  текшерип кайра жиберерин айтат Кучеренко. Аталган авиакомпания аталган 4 жүргүнчүнү кайра Орусияга киргизүү үчүн аракет кыла турганын, учурда төртөө мейманканага акысыз жайгаштырылганы айтылды. Аталган каттам менен учпай калган жүргүнчү Зульфия Аминжанова жаш баласы менен өзү жана 2 жүргүнчүнү учакта орун жоктугун айтышып киргизишпей койгонун билдирүүдө. Айтымында, колунда аталган каттамга алынган билети бар экендигине да карашкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан