"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Василий Дашков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейин активисттер Василий Дашковду коррупциялык иштерге аралашкан деп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.
Аталган кызматка Дашков былтыр дайындалган.