"ЖКнын Регламенти жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттик угуу болот

25-октябрда "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болот. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети демилгелеген. Аталган комитетке депутаттар Айнуру Алтыбаева, Бөдөш Мамырова, Төрөбай Зулпукаров, Асия Сасыкбаева, Галина Скрипкина, Эркингүл Иманкожоева, Гүласал Садырбаева жана Туратбек Мадылбеков мүчө.

Парламенттик угууда "депутаттык топтун статусун алуунун жана анын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби", "комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо тартиби", "убактылуу комиссияларды түзүүнүн жана алардын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби" жана "эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо тартиби" боюнча сунушталып жаткан түзөтүүлөр боюнча талкуу болот. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана башкалар катышат. Иш-чара ЖКнын жыйындар залында саат 09:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан