Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

1-апрелден 5-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91-(Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-(Ийри-Суу тилкеси), 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымдарында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан