Футбол боюнча Кыргызстан Тажикстан курама командасына 4:1 эсебинде жеңилди

Бүгүн, 15-октябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттеш 4:1 эсебинде коноктордун пайдасына чечилди. Тажикстан курама командасы беттештин биринчи 45 мүнөттүгүндө эле Кыргызстандын дарбазасына 4 гол киргизүүгө жетишти. Ошондой эле биринчи 45 мүнөттүк аяктап жатканда чыр чыгып, натыйжада Кыргызстандан Мака Кум, Тажикстандан Далер Тухтасунов аттуу оюнчуларга кызыл айып кагазы көрсөтүлдү. Ал эми экинчи 45 мүнөттүктө Кыргызстан курама командасы Ахледдин Исраиловдун жардамы менен бир гол гана киргизе алды. Ошондой эле аталган беттештин 30-мүнөтүндө орусиялык "Химиктин" коргоочусу, Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин жаракат алып, алмаштырылды.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан