Биз социалдык тармакта

Аксыда жер көчкү түшүү коркунучунан улам 9 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жер көчкү түшүү коркунучунан улам 9 үй-бүлө көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Суу айыл аймагынын Жүзүм-Жан айылында жер көчкү активдешип жана жер жаракалары чоңойгондугу байкалып турганына байланыштуу 9 турак үйгө кооптуу абал жаралган.

"30-март күнү жогорудагы 9 турак үйдүн жашоочулары берилген атайын эскертмелердин жана Жарандык коргонуу комиссиясынын протоколунун негизинде, коопсуз жерге көчүрүлгөн. 31-март күнү ӨКМнын адистери жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жер көчкүнүн көлөмү такталууда. 1-апрель күнү иш-чаралар улантылат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан