Кыргызстандын бардык аймактарында Айт намазы тынч өттү
Кыргызстандын бардык аймактарында Айт намазы коомдук тартипти бузууларсыз өттү. Муну ИИМден билдиришти. 15-октябрь - Курман айт майрамына карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштеди. Белгилүү болгондой, аталган намаз борбордук аянттарда жана мечиттерде окулуп, ага миңдеген адам катышты.