Биз социалдык тармакта

Билим берүү министри Араван районундагы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты (сүрөт)

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Араван районундагы Турат Бекенов атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен жолукту. Жолугушуу эркин форматта болуп, катышуучулар билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулашкан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Орто мектеп авариялык абалда, Алмазбек Бейшеналиев маселенин орчундуу экенин баса белгилеп, бир райондогу бир объектти бүтүрүү тизмесине коштурууну тапшырды.


Иш сапарынын алкагында, министр Аравандагы №12 кесиптик лицейге, “Гүлбаар” балдар бакчасына да баш багып, алардын абалы менен таанышып чыкты. Ошондой эле билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош шаарындагы бир канча мектептерди күтүүсүз текшерди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Masy-86
2021-04-01 11:34:22
Министрдин жанындагы бир эки коштоочу да бахила кийип алганда аябай сонун болмок. Эртең эле ошол жерде жаш балдар жылаңайлак жүрүшөт, жөрмөлөшүп ойношот. Баш кийиммин алсын десе башын алгандардан коркуу керек ушул заманда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан