Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык мэриясы Ак-Ордо конушунда 280 орундуу жаңы бала бакча куруларын маалымдады

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 280 орундуу жаңы бала бакчанын курулушуна тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 орунга ылайыкташкан. Долбоордун документ иштери толук кандуу аягына чыккан.

"Курулган имаратта оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залы болот.

Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт.

Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 123 миллион 119 миң 893 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бала бакча Ак-Ордо конушундагы Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишине курулат.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан