15-октябрда Бишкекте стол тенниси боюнча спорттун ардагерлери арасында өлкө чемпиондугу өттү. КРнын Теннис федерациясы билдиргендей, мелдешке 70тей казакстандык жана кыргызсандык спортчу катышты. Эркектер арасында 40-49 жаш, 50-59 жана 60 жаш болуп, 3 категория боюнча күч сынашты. Аялдар арасында 35 жаштан жогоркулар таймашты.
Жеңүүчүлөр:
40-49 жаштагылар арасында Нурдин Сапарбаев (Кара-Балта)
50-59 жаштагылар арасында Биржан Камыспаев (Тараз)
60 жаштан жогоркулар арасында Токтобек Жолдошов (Токмок)
Аялдар арасында Ош шаарынан келген Айжан Эрмекбаева жеңүүчү болду.