Бишкек шаарында 15 миңге чукул бак-дарак отургузулат. Бул тууралуу "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Урмат Дербишов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, 1-апрелге карата калаага алты миңге чукул бак-дарак тигилген.
"2021-жылы Бишкек шаарына жалпы 15 миңге чукул бак-дарак отургузулат. Ал эми 1-апрелге карата 6 миңге жакын бак-дарак тигилди. Мындан тышкары бир жыл аралыгында борборго 3 сквер салынат. Биринчиси Жумушчулар шаарчасында, экинчиси Туңгуч кичи районундагы Анкара көчөсүндө, үчүнчүсү Ак-Босого конушунун Чүй-Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде болот", - деди Урмат Дербишов.