Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 2-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз +3…+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз +2…+7;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, кээ бир жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +6…+8 градус жогору болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан